ДИАТОМИТ
ДИАТОМИ́Т – негизинен диатом балырларынын кабыкчаларынан түзүлгөн борпоӊ, өӊү ак, агыш боз же саргыч чөкмө тоотек. Химиялык курамында 70–98% кремний кычкылы (опал) болот. Диатомит жеӊил ж-а көпшөк, газ ж-а суюк эритмелерди сиӊирет (адсорбент), жылуулукту, үндү начар өткөрөт, оӊой м-н эрибейт, кислотага туруктуу. Деӊиз, көл түптөрүндө чогулган диатом ылайларынан пайда болот. Бор мезгилинен тартып, айрыкча кайнозой заманында пайда болгон тоотек катмарларында учурайт. Диатомит адсорбент ж-а чыпка (катары кездеме токуу, нефть-химия, тамак-аш өнөр жайында, антибиотиктерди, кагаз, боёк, суюк айнек, жылуулук ж-а үн өткөрбөс материалдарды чыгарууда, цемент даярдоодо ж. б. пайдаланылат.