ДАН
ДАН – дан өсүмдүктөрүнүн уругу. Ал – негизги азык, мал үчүн аралаш тоют, өнөр жай сырьёсу. Дандан ун, акшак, нан, макарон ж-а кондитер азыктары жасалып, адамдын тамакка болгон керектөөсүнүн кыйла бөлүгүн канааттандырат. Дан малга ж-а куштарга сапаттуу тоют катары чоӊ роль ойнойт. Дан кабыксыз (буудай, кара буудай,жүгөрү)ж-а кабыктуу(арпа,сулу,таруу, күрүч, сорго ж. б.) болот. Дан кабыкча, түйүлдүк ж-а эндоспермден турат. Кабыкча данды сырткы чөйрөнүн зыяндуу таасиринен – механикалык жаракадан ж-а ал аркылуу түйүлдүккө уулуу заттардын киришинен сактайт. Дандын эӊ негизги массасын эндосперм түзөт. Эндосперм крахмал м-н белоктордон турат. Андан мыкты ун алынат. Эндоспермдин сырты алейрон кабыкчасы м-н капталган. Дандын төмөнкү бөлүгүндө болочок тамыр, сабак өнүп чыгуучу түйүлдүк орун алган. Ал белок, май, кант, витамин ж-а ферменттерге бай. Буудай данынын салмагынын 4/5 бөлүгүн же 77–82%ин эндосперм, 6,8–8,6%ин алейрон катмары, 5,5–8,0%ин кабыкча ж-а 1,5– 3,0%ин түйүлдүк түзөт. Сулунукунда 54–61% эндосперм, 4–6% алейрон катмары, 3–4% түйүлдүк, 2,4% кабыкча болот. Буурчак өсүмдүктөрүндө эндосперм болбойт. Андагы углеводдордун негизги бөлүгүн крахмал түзөт (эндоспермдин салмагынын 85%и). Клетчатка ж-а гемицеллюлоза клетканын чел кабыгынын курамына кирет. Данда мальтоза, глюкоза ж-а фруктоза канттары бар. Дандын түсү, жыты, кургактыгы, жаӊылыгы, илдет м-н зыянкечтен тазалыгы анын абалын билдирет, ал эми биологиялык, физикахимиялык, технологиялык ж-а керектөө касиеттери м-н белгилеринин жыйындысы данды кандай максатка – үрөнгө, азык-түлүккө, тоютка ж. б. пайдалануу керек экендигин көрсөтөт. Дандын ж-а андан жасалган азык-түлүктүн сапаты мамлекеттик стандарт боюнча бааланат. Буудай данындагы клейковинанын сапатына, санына жараша нан ж-а кесме азыктарынын сапаты өзгөрүлөт.
Ад.: Козмина Н. П. Зерно. М., 1969; Суднов П. Е. Повышение качества зерна пшеницы. М., 1978; Ибраимов Н. И. Дан тоют өсүмдүктөрү жана аларды Кыргызстанда өстүрүүнүн алдыӊкы ыкмалары. Б., 1995.