ДИДАКТИКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:23, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИДА́КТИКА (гр. didaktikōs – үйрөтүү, оку­туу) – педагогиканын билим берүү ж-а окутуу теориясын иштеп чыгуучу тармагы. «Дидактика» тер­мини 17-кылымда эле пайда болгон. Чех педагог-гу­манисти Я. А. Коменский өзүнүн «Улуу дидак­тика» (1657) деген эӊ чоӊ эмгегин жаратып, коомдук тарбиянын негизги маселелерин, бал­дарды окутуунун принциптерин ж-а эрежелерин иштеп чыккан. 19-кылымдан тартып Дидактика педагогика­нын билим берүү теориясы жөнүндөгү бөлүгү ката­ры кабыл алынган. Дидактиканын өнүгүшүнө И. К. Пес­талоцци, А. Дистервег, Ж. Ж. Руссо, К. Д. Ушин­ский ж. б. зор салым кошкон. Бүткүл педагоги­ка сыяктуу эле Дидактика адам коомунун өнүгүшүнүн ар кандай баскычында мектеп алдына коюлуу­чу маселелерди чечүү м-н тарыхый мүнөздө өнүккөн. Окуу процесси – Дидактикадагы окуп-үйрөнү­лүүчү эӊ негизги ж-а эӊ татаал учур. Ал билим­ди, билгичтикти ж-а көндүмдөрдү бекем өздөш­түрүүгө, өз алдынча ойлонууга, окуучулардын жөндөмүн калыптандырууга, ойлонуп эмгектенүү маданиятынын зарыл элементтерине ээ болууга, калыптандырууга багытталган мугалим м-н окуучулардын өз ара байланышкан ырааттуу аракеттеринин жыйындысы болуп саналат. Окуу процесси билим берүүнүн максаты м-н шарт­талып, өзүнүн компоненттеринин: окутуунун, башкача айтканда окуу предметинин мазмунунун (мында ар бир класстын окуучулары үчүн); илимдердин негиздеринин (билимдер системалаштырылып берилет); окуп-үйрөнүүнүн, башкача айтканда окуучулардын акыл ж-а күч аракеттерин өз ичине камтыган ар кандай ишмердиктеринин; окутуунун мате­риалдык каражаттарынын (окуу китептери, окуу куралдары, техникалык каражаттар ж. б.) бири-­бирине таасирлери аркылуу мүнөздөлөт. Окуу­чулардын билимди өздөштүрүүсүнүн ж-а акыл­-эсинин өнүгүүсүнүн натыйжасын мүмкүн болу­шунча жогорулатуу үчүн окуу процессинин не­гизин ушул компоненттердин бири-бирине туу­ра байланышын таап аныктоо Дидактиканын негизги проблемасы болуп эсептелет. Дидактика педагогика ж-а бал­дар психологиясы, жалпы психология ж-а фи­зиология м-н тыгыз байланышта болот. Ар бири өз жаатында баланын таанып-билүү ишмерди­гинин процесстери жөнүндө билим берет, балдарды окутуунун мазмунун ж-а ыкмаларын окуп ­үйрөнүүгө чоӊ жардам көрсөтөт. Дидактикалык эӊ ири маселелерди чечүүдө бул илимди толук пайда­лануу зарыл. Мугалимдер үчүн ар бир предмет­терди окутууда жалпы мыйзам ченемдүүлүктүн ишке ашырылышынын айкын жолдору өтө ке­ректүү ж-а маанилүү. Бул маселелер предмет­тик Дидактикада каралат. Дидактиканын негизги милдеттери: а) окутуу максаттарын ж-а милдеттерин анык­тоо; б) окутуу процессинин мыйзамченемдүү­лүгүн аныктап чыгуу; в) билим берүүнүн мазму­нун аныктоо; г) окутуунун эӊ натыйжалуу ык­маларын ж-а уюштуруу формаларын иштеп чыгуу. Демек, Дидактика Эмне үчүн окутуу керек? Эмне­ни окутуу керек? Кандайча окутуу керек? сыяк­туу суроолорго жооп берет. Билим берүү теория­сынын негизги маселелери, башкача айтканда жалпы билим берүүнүн мүнөзү, окуу планы, окуу программа­лары, окуу китептери Дидактикада бардык жактан ка­ралат. Сабак берүүнүн илимий деӊгээлин жогорула­туу, техникалык окуунун, эмгек тарбиясын ж-а кесипчи­лик багыт берүүнү ишке ашыруунун, ошондой эле оку­тууда ж-а тарбиялоодо техникалык каражаттарды кол­донуунун натыйжалуу жолдорун аныктоо ма­селелерин иштеп чыгуу талап кылынат.

И. Бекбоев.

'