БОЗБУТОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:41, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗБУТОО Чаткал кыркатоосу м-н Нарын д-нын аралыгынан орун алган. Чыгыш жагындагы Атойнок тоосунан Карасуу суусу бөлүп турат; батыш жагы жапыздап, Пишкаран ойдуӊчасына өтөт. Уз. 30 км, туурасы 14 км, эӊ бийик жери – Шилби чокусу (2876 м). Тоонун негизин палеозой заманынын порфит, туф ж-а кумдук, акиташ тоотектери түзөт, капталдарында мезозой чөкмөлөрү жатат. Түш. этектерин палеогендин кызыл чополуу тектеринен турган адырлар ээлейт. Жарым чөл, кургак ж-а шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Жайыттуу түш.-батыш этегинде (Майлысай) нефть кени бар.