БОЗБЕЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:44, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗБЕЛ – Кочкор өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы орто жана соӊку орто кылымдарга таандык көрүстөндөр, маркумга арнап орнотулган эстеликтер жайгашкан жер. Көрүстөндү казуу учурунда маркумдун сөөгүнүн жанынан ат жабдыктары жана тамак азыктарынын калдыктары, ошондой эле жаа жана жебе сыныктары табылган. Бозбел алгач 1990-жылы К. Табалдиев тарабынан казылып, изилденген. Анын айрым жерлери курулуш үчүн чопо-топурак алууда бузулган.

К. Табалдиев.