БОДИБИЛДИНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:10, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОДИБИ́ЛДИНГ (англ. вody – дене ж-а building – куруу), к у л ь т у р и з м – адамдын булчуӊдарын өрчүтүү максатында чыӊоочу шаймандар (гантель, штанга ж. б.) м-н жасалуучу физ. көнүгүүлөр тобу. Ал денени чыӊдоочу массалык ж-а спорттук болуп эки түргө бөлүнөт. Байыркы Грекияда кул ээлөөчү доордо эле (б. з. ч. VI – I к-дарда) пайда болгон. XIX кдын аяк ченинде спорттун түрү катары Америкада, Европада, кийинчерээк Россияда өнүгө баштаган. Б-дин максаты – булчуӊдарды өрчүтүү ж-а адамдын дене булчуӊдарын рельефтүү, кооз калыптандыруу. Б. м-н машыга баштаганда спортчу өзүнүн салмагын, боюнун узундугун, төшүнүн кеӊдигин, мойнунун, белинин, далыс ынын, жоон санынын, бал тырынын жоондугун ж-а көөдөн кеӊдигин өлчөөсү керек. Ар бир эки айда көрсөткүчтөрү текшерилет. Б. м-н машыгууда атайын


ыкмалар да болот. 1968-ж. Эларалык федерациясы түзүлгөн. Б. б-ча эларалык, дүйнөлүк мелдештер өткөрүлөт.