БОДЕН КӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:13, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БО́ДЕН КӨЛҮ Германия, Швейцария ж-а Австрия мамлекеттеринин чегарасында, Альп өндүрүндөгү мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон өрөөндөн орун алган. Аянты 538 км2. Тереӊдиги 252 мге чейин. Түн.-батышы үчкө бөлүнөт. Жээктери дөбө-дөӊсөөлүү, түш.-чыгышы аскалуу. Көлдөн Рейн д. агып чыгат. Кеме жүрөт, паром байланышы бар. Балык кармалат. Курорттору бар. Жээгинде Констанц, Фридрихсхафен (Германия), Брегенц (Австрия) ш. жайгашкан.