ДАРЫ ӨСҮМДҮКТӨР
ДАРЫ ӨСҮМДҮКТӨР – медицина м-н ветеринарияда оору же ылаӊды дарылоо, алдын алуу максатында пайдалануучу өсүмдүктөр. Алардын дарылык касиети курамындагы алколоиддер, гликозиддер, витаминдер ж. б. заттардын болушуна негизделген. Дары өсүмдүктөрдүн түрдүү органдарындагы таасир берүүчү заттардын курамы ж-а саны жыл мезгилине, өсүмдүктүн жашына, өскөн жерине байланыштуу өзгөрөт. Дары заттар өсүмдүктүн бүчүрүндө, жалбырагында же сабагында, мөмөсүндө же гүлүндө, тамырында же кабыгында ж. б. органдарында топтолот. Ошондуктан өсүмдүктүн дары заттар чогулган бөлүгүн гана жыйнап алуу керек. Активдүү заттар ар кайсы органдарында ар башка убакытта жыйналгандыктан аларды чогултуу мезгили чоӊ мааниге ээ. Тамыр-сабак, тамыр, түймөктөр эрте жазда ж-а күзүндө казылып алынат. Бүчүрдү ачыла электе чогултуу керек. Кабыкты жазында катый электе сыйрып алат. Жалбырак богок пайда болуу, гүлдөө мезгилинде чогултулат. Бул сырьёлор дары даярдоочу уюмдарга өткөрүлөт. Кыргызстанда дары өсүмдүктөрүнөн бака жалбырак, адырашман, карын-


2 – сары чай чөп

3 – адонис

4 – чочко жаӊгак

5 – кызыл оймок гүл

6 – атропа (белладонна)

7 – алоэ

8 – мээр чөптүн тамыры

9 – гүлкан

10 – меӊдубана
дыз, апийим, мышык тамыр, ит мурун, даргын, долоно, зире, мээр чөп, кийик от, жаӊгак, бөрү карагат, жалбыз, чычырканак, меӊдубана, чекенде ж. б. кеӊири таралган. Дары өсүмдүктөрү адамдын организмине тийгизген таасири боюнча бир нече топко бөлүнөт. Алар борбордук нерв, жүрөк-кан тамыр, дем алуу, ичеги-карын системаларына, боор, өт, бөйрөк ж-а заара жолдорунун ооруларын дарылоочу, спазмды жазуучу ж-а ооруну басаӊдатуучу, кан токтотуучу, мите курттарга каршы, гинекология, дерматологияда практикада колдонулуучу болуп айырмаланат.
Ад.: Машковский М. Д. Лекарственные средства. 7-е изд., 1–2 раздел. М., 1972; Алтымышев А. Лекарственные богатства. Ф., 1974. С. Абдрасулов.