БОГДАНОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:39, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОГДА́НОВА Медине Искандеровна (1908, Бухара – 1962, Москва) – илимпоз, лингвист, адабиятчы, Борбордук Азия элдеринин адабияттары боюнча көрүнүктүү адис.

Орто Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) чыгыш таануу факультетинин бир эле учурда эки бөлүмүн (түрк жана иран) бүтүргөн. Горький атындагы адабият институтунда иштеп жүргөндө Улуу Ата Мекендик согуш башталып, белгилүү адабиятчы-окумуштуулар: В. М. Жирмунский, П. Н. Берков жана башкалар менен кошо Кыргызстанга келип, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын фольклор жана «Манас» секторун жетектеген. Анын илимий иштеринин көбү кыргыз адабияты менен байланыштуу. Орус тилинде кыргыз адабиятынын туӊгуч очеркин, улуу акын Токтогулдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө монография (1960) чыгарган. Кыргыз фольклорун биринчи классификациялаган. «Манас» эпосун изилдөөдө М. И. Богданованын «Кыргыздын баатырдык «Манас» эпосу жөнүндө» деген эмгеги негизги иштеринин бири болуп эсептелет. Ж. Таштемиров, Б. Керимжанова, Б. Маленов, К. Иманалиев, Ш. Үмөталиев, М. Борбугулов, Р.  Кыдырбаева сыяктуу окумуштууларга илимий жетекчи болуп, кыргыз адабият изилдөөчүлөрүн тарбиялоодо да зор эмгек сиӊирген.