БОБО-ДИУЛАСО
БО́БО-ДИУЛА́СО, Б о б о - Д ю л а с о (Bolo Dioulasso) – Буркина-Фасо мамлекетинин түштүк-батышындагы шаар. Уэ провинциясынын административдик борбору. Калкы 1,0 млн (2021); калкынын саны боюнча өлкөнүн борбору Уагадугу шаарынан кийинки 2-шаар. Жолдор тоому, темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар. Бобо-Диуласо өлкөнүн башкы экономикалык борбору. Тамак-аш (алкоголсуз ичимдиктер, суу май, пиво), самын кайнатуучу, тамеки ишканалары бар; сизаль иштетилет, пахта жана шалы тазаланат. Тактай тилинет. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, карапа буюмдар, бут кийим, эмерек, тери иштетүү) өнүккөн. Чоӊ мечит, педагогикалык орто окуу жайы, илимий-техникалык изилдөө бюросу, экономикалык жана социалдык илимдер борбору, пахта жана текстиль институту, провинция музейи (заманбап африка искусство экспозициясы, базилика жана скульптура) бар. Батыш-Африка салттуу искусство көргөзмөсү үзгүлтүксүз болуп турат.