БЛЭКПУЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:31, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛЭКПУЛ ' – Улуу Британиядагы шаар. Англиянын түндүк-батышында жайгашкан (унитардык аймактык түзүлүш статусуна ээ). Калкы 142 миӊ (2002). Ирланд деӊизиндеги порт. Темир жол бекети. Эл аралык аэропорту бар (анын ичинде вертолёт аркылуу шельфтеги бургулоо платформалары менен байланышат). 14-кылымдагы Пул кыштагы 17-кылымдан Блекпул аталат. 18-кылымдан климаттык курорт. 1876-жылдан шаар статусуна ээ. 1904–74-жылдары шаар-графтык. Белгилүү жерлери: «Алтын миля», «Үч пирс» (деӊиз причалы, мурда шаардагы бай жана кедей кварталдары), «Мунара» (бийиктиги 155 м, Эйфель мунарасынын көчүрмөсү, 1894–95). Гранди көркөм галереясы, цирк, океанариум, зоопарк бар. Экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу; курортторунда 12 миӊден ашык адам эмгектенип, жылына 7 млндон ашык турист (негизинен Англиянын түндүгүнөн жана Шотландиядан) келет. Лейбористтик партиянын съезддери, профсоюздар конференциясы, ярмарка, фестивалдар өткөрүлүп турат. Автомобиль [«Ягуар» («Jaguar»)] жана кондитер (торт, пирожное) өнөр жайы бар.