БИШКЕКТЕГИ БАЛДАР МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИШКЕКТЕГИ БАЛДАР МУЗЫКАЛЫК МЕКТЕБИ П. Ф. Шубин атында. 1939-жылдын 23-октябрында Кыргыз ССР Эл комиссарлар советинин токтому менен ачылган. 1948-жылы П. Ф. Шубиндин ысмы ыйгарылган. Окуу мөөнөтү 5–7 жыл. Фортепьяно, кылдуу, үйлөмө, урма, эл аспаптар жана хор бөлүмдөрү бар. Мектептин 300 орундуу концерттик залы, китепканасы, музыкалык аспаптарды оӊдой турган устаканасы бар. Класстар окуу программасынын талабына ылайыкташтырылган. Мектептин алдында хор, оркестр, вокалдык, аспаптык ансамблдер уюштурулган. Мектептин базасында ар дайым республикалык конкурстар, фестивалдар өткөрүлүп турат. 2005–2006-окуу жылында 770 окуучу окуган.