БИТУМДУУ ТООТЕКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:38, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата АУ Үсөн (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИТУМДУУ ТООТЕКТЕР – курамында битуму бар ар түрдүү чөкмө тоотектер. Битумдар тоотектердин жаракаларында, көзөнөкчөлөрүндө болот; көп учурларда чополорго, кумдуктарга тегиз сиӊип калат. Өӊү кара күрөӊ ж-а кара. Битумдуу акиташ тектери коргошун, нефть ж-а газ кендери үчүн чөйрө болот. Жез, уран, молибден, ванадий сыяктуу элементтердин кендери битумдуу кумдуктар м-н сланецтердин арасында кездешет. О. Азияда Б. т. кембрий, ордовик, девон ж-а карбон мезгилдеринде пайда болгон тоотек катмарларында бар.