ГУРЬЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУ́РЬЕВА Клавдия Александровна (29. 12. 1908, Пермь – 30. 3. 1972, Фрунзе) – Кыргыз ССР эл арт. (1958). Чыг-лык иши Пермдеги (Россия) балдар театрында башталган. 1946–72-ж. Фрунзедеги Н. К. Крупская атн. мамл. орус драма театрынын артисти. Негизги ролдору: Катерина (А. Островский, «Добул»), Бурма (К. Жантөшев, «Эл ырчысы»), Комиссар (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Анна Андреевна (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Раневская (А. Чехов, «Алчалуу бак»), Ажар (К. Эшмамбетов, «Саринжи»), Филумена Мартурано (Э. Де Филиппо, «Филумена Мартурано»), Васса Железнова (М. Горький, «Васса Железнова»), Любовь Яровая (К. Тренёв, «Любовь Яровая»), Эне (К. Чапек, «Эне»), Мария Александровна (М. Попов, «Үй-бүлө») ж. б. Ал түзгөн образдар респ-нын театр иск-восундагы психол. реализмдин үлгүлөрүнө кирет. Г. театрдагы жаш артисттердин чыг-лык чеберчилигин арттырууда көп күч жумшаган. Театр студиясынын ишин жетектеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (6–7-шайл.) депутаты болгон. Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сыйланган. Ад.: Кочнев Д. Д. Клавдия Александровна Гурьева. Ф., 1958.