ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР – көрсөт­мөлүү окуу куралдарынын бир түрү. Окуучулар андан окууга ж-а оюнга байланыштуу тапшыр­маларды аткарууга зарыл болгон иштиктүү иш­терди жасайт. Бул термин бала-бакчанын уюш­турулушуна байланыштуу пед. ад-тка мектеп­ке чейинки тарбия б-ча киргизилген. Д. м-га сүрөт, текст же сан жазылган карточкалардын топтому; саноого керектүү буюмдар (таякча, те­герекче); жашылча-жемиштердин, жаныбарлар­дын үлгүлөрү; геом. фигуралардын ж-а тулку моделдери ж. б. түрдүү деталдар кирет. Көрсөт­мөлүү ж-а балдар өздөрү түздөн-түз колдонуп иштеши үчүн таратылып берилүүчү Д. м. болот. Д. м. сабактын бардык этабында – жаңы окуу материалын түшүндүрүп өтүүдө ж-а бышыктоо­до, окуучулардын билимин текшерүүдө, өтүлгөн материалды кайталоодо колдонулат. Бир эле Д. м. ар түрдүү окуу маселелерин чечүүдө колдо­нулушу мүмкүн. Мис., металлдан жасалган топ­том черчение сабагында ар түрдүү чийме жумуш­тарды аткаруу үчүн, ал эми математика саба­гында көлөмдү эсептөө үчүн колдонулат. Баш­талгыч класстарда Д. м. негизинен эне тили, орус тили ж-а математика сабактарында кол­донулат. Мис., эне тили ж-а орус тили сабакта­рында сүрөт тартылган, тамгалар, муундар, сөздөр ж-а кыска сүйлөмдөр жазылган карточ­калар пайдаланылат. Д. м. класстагы бардык окуучулар м-н же алардын айрым топтору, о. эле окуу материалын өздөштүрө албай артта калган же, тескерисинче, тапшырмаларды баш­калардан мурда аткарган ар бир окуучу м-н жекече иштөөдө да пайдаланылат. И. Бекбоев.