ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР
ДИДАКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛДАР – көрсөтмөлүү окуу куралдарынын бир түрү. Окуучулар андан окууга ж-а оюнга байланыштуу тапшырмаларды аткарууга зарыл болгон иштиктүү иштерди жасайт. Бул термин бала-бакчанын уюштурулушуна байланыштуу пед. ад-тка мектепке чейинки тарбия б-ча киргизилген. Д. м-га сүрөт, текст же сан жазылган карточкалардын топтому; саноого керектүү буюмдар (таякча, тегерекче); жашылча-жемиштердин, жаныбарлардын үлгүлөрү; геом. фигуралардын ж-а тулку моделдери ж. б. түрдүү деталдар кирет. Көрсөтмөлүү ж-а балдар өздөрү түздөн-түз колдонуп иштеши үчүн таратылып берилүүчү Д. м. болот. Д. м. сабактын бардык этабында – жаңы окуу материалын түшүндүрүп өтүүдө ж-а бышыктоодо, окуучулардын билимин текшерүүдө, өтүлгөн материалды кайталоодо колдонулат. Бир эле Д. м. ар түрдүү окуу маселелерин чечүүдө колдонулушу мүмкүн. Мис., металлдан жасалган топтом черчение сабагында ар түрдүү чийме жумуштарды аткаруу үчүн, ал эми математика сабагында көлөмдү эсептөө үчүн колдонулат. Башталгыч класстарда Д. м. негизинен эне тили, орус тили ж-а математика сабактарында колдонулат. Мис., эне тили ж-а орус тили сабактарында сүрөт тартылган, тамгалар, муундар, сөздөр ж-а кыска сүйлөмдөр жазылган карточкалар пайдаланылат. Д. м. класстагы бардык окуучулар м-н же алардын айрым топтору, о. эле окуу материалын өздөштүрө албай артта калган же, тескерисинче, тапшырмаларды башкалардан мурда аткарган ар бир окуучу м-н жекече иштөөдө да пайдаланылат. И. Бекбоев.