ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР
ДИДАКТИКАЛЫК ОЮНДАР – мектеп жашына чейинки ж-а кенже окуучулар үчүн таалимтарбия берүүгө багытталган ийкемдүү оюндар. Д. о. окуучулардын сезимталдыгын, байкагычтыктыгын, көңүл буруусун, аң-сезимин, ой жүгүртүүсүн, речин, айлана-чөйрөгө болгон элестетүүсүн (көлөмгө, өң-түскө, буюмдардын жайланышына болгон) өстүрөт. Адеп-ахлактык тарбияда да мааниси чоң, анткени окуучулардагы чыдамкайлыктын, өз алдынча иш алып баруу жөндөмдүүлүгүнүн, коллективизм сезиминин өсүүсүнө таасир берүү м-н, жүрүм-турум нормаларына ылайык өзүн алып жүрүү адаттарын калыптандырат. Мында атайын жасалган оюнчуктар колдонулат (лото, сүрөт, кубик ). О. эле сөз м-н ойнолгон оюндар (мис., табышмактар, үндөрдү тууроо, тил жатыктыруучу оюндар ж. б.) да болот. Д. о-да турмушта колдонулган ар кандай буюмдарды ж-а жаратылыш материалдарын да (топчу, таш ж. б.) колдонууга болот. Д. о. өзгөчө бала бакчада окутуунун эң маанилүү каражаты болуп эсептелет ж-а балдардын ар кандай курактагы топторуна карата түзүлгөн программа б-ча өтүлөт. М.Усупова.