ДИЗАЙН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИЗА́ЙН (англ. design – чийүү, долбоор, план, өндүрүү) – предметтик чөйрөнү долбоорлоонун өзгөчө ыкмасы. Мында объектиге анын негиз­ги милдеттери м-н бирдикте сулуулук, максат­ка ылайыктуулук, үнөмдүүлүк, өзгөчө белгилен­ген функциялуулук (же функцияларынын көп­түгү), объектини пайдалануудагы физиол. ж-а психол. ыңгайлуулук, анын так социалдык ориентациясы сыяктуу өз ара байланыштуу са­паттар комплекси кошо берилет. Д-ды чыг-лык иликтөөнүн функциядан формага, формадан функцияга деген эки багыты бир бүтүндүктө каралат.