ДИКЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИКЕК – ичи ичтелип, сырты кооздолуп жа­салган жылуу ат жабуу. Өрмөкчүлүк («терме», «беш кеште», «кажары») ыкмасы м-н көркөм­дөлүп согулган таардын ич жагына кийиз ичте­лип, саймаланып, чети түймө м-н чачыкталат. Анын жиби ичке ийрилет да, көбүнчө «бычак учу», «тумарча», «жарым ийрек» өңдүү көчөттөр түшүрүлөт. Кээ бир аймактарда «шырдак» тер­дик жабылат.