ДИКТАТУРА
ДИКТАТУ́РА (лат. dictatura – чексиз бийлик) – чектелбеген бийликти демократияга жат ыкмалар м-н ишке ашыруу системасын мүнөздөөчү түшүнүк. 1) Байыркы Римде – атайын ыйгарылган укук, бийлик же диктатор бийлеген мезгил; 2) бир кишинин, анчалык чоң эмес топтун же уюмдун чексиз бийлигин мүнөздөөчү саясий режим. Д-нын тарыхый түрлөрү: тирания, азия деспотизми, цезаризм, пролетариат диктатурасы, фашизм, авторитаризм, тоталитаризм ж. б. Булардын баары эч чектелбеген ж-а эч ким тарабынан көзөмөлдөнбөгөн, бир колго топтоштурулган, эң эле аз даражада легитимдешкен бийлик м-н, адамдардын укуксуздугу м-н, социалдык көзөмөл көп учурда репрессиялык формалардын ж-а ыкмалардын колдонушу м-н мүнөздөлөт. 20-к-да Д-нын эки түрү – авторитаризм м-н тоталитаризм болгону белгилүү. Диктатордук режимдин орнотулушу тарыхый жактан алганда саясий күрөштөр кескин күчөгөн, социал.-экон. кризистер өтө курчуган, башкаруучу режимдин социалдык базасы тарыган же бийликке күч менен келген мезгилдерге туура келет. Ал өлкөлөргө өнүккөн жарандык коомдун жоктугу мүнөздүү (мис., Испаниядагы Франко Д-сы, фашисттик Германиядагы фашисттик Д.). Укук теориясында Д. демокр. бийликтин альтернативасы делет. Д. түшүнүгү марксизмде өзгөчө аныктамага ээ болгон. Ал б-ча, ар кандай мамлекет белгилүү таптын Д-сы болот, үстөмдүк кылуучу тап өз бийлигин мамл. аппараттын күчү м-н ишке ашырат. Буржуазиялык коомдо мамлекеттер ар түрдүү болгону м-н сөзсүз буржуазиянын Д-сы болуп эсептелет. Капитализмден социализмге өтүүдө пролетариат диктатурасы, б. а. эзүүчү азчылыктын үстүнөн эмгекчил көпчүлүктүн Д-сы зарыл, ал социализмди куруунун куралы болот дешкен.