ГУСАНДАР
ГУСАНДАР – байыркы ж-а о. кылымдагы армян эл ырчылары. Алгач Гисанэ кудайдын храмында кызмат кылгандар, ал эми эллинизм доорунда тамашалуу ж-а шылдыӊкор оюндарга катышкандар Г. деп аталган. Байыркы армян адабий эстеликтеринде гусан ырлары ж-дө маалыматтар сакталган. Г. муз. аспаптардын коштоосу м-н ырдашкан. 17-к-дан армян эл ырчылары ашуг деп атала баштаган.