ГУСЕЙН МЕХТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУСЕЙ́Н МЕХТИ [өз аты-жөнү – Г у с е й н о в Мехти Али оглы; 4(17). 4. 1909, Азербайжан, Шыхлы кыш. – 10. 3. 1965, Баку] – азербайжан жазуучусу, сынчы, драматург, публицист. АзССРинин эл жазуучусу (1964), 1921-ж. Казак пед. техникумун, 1930-ж. Азербайжан ун-тинин тарых ф-тин 1938-ж. Москвадагы киноискусство академиясын бүтүргөн. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1950), Алгачкы аӊгемеси 1927-ж. жарыяланган. Тарыхый рев-ялык аӊгемелери, повесттери, романдары ж-а пьесалары: «Жазгы ташкын» (1933–36), «Даӊк» (1938–39), «Тарлан» («Салгылашуу», 1940), «Комиссар» (1942), «Апшерон» (1947), «Таӊ» (1950–53), «Кара аскалар» (1957), «Жер астындагы суулар океанга куят» (1966), «Низами» ж. б. Г. М. Азербайжан жазуучулар союзунун төрагасы, Азербайжан ССР Жогорку Советинин (5-шайланышынын) ж-а СССР Жогорку Советинин (6-шайланышынын) депутаты болгон. Ордендер м-н сыйланган.