ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИНИЙ ЭКСТРЕМИ́ЗМ – тигил же бул динге (христиан, ислам ж. б.) таянып же аны шыл­тоо тутуп, чектен чыккан көз караш күтүү же жорук-жосун жасоо. Д. э. көбүнесе саясий тур­мушта кезигет. Экстремисттер өз иш-аракетте­ринде зордук-зомбулук, террор, курал-жарак колдонуу жолун тандап алышат.