ДИОКЛЕТИАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИОКЛЕТИА́Н Гай Аврелий Валерий (243, Диок­лея – 313- ж-а 316-ж. аралыгы, Далмация) – Рим императору (284–305). Катардагы жоокер­ден аскердик жогорку кызматтарга чейин жет­кен. Император Нумериандын тушунда анын сакчыларын жетектеген, ал дүйнөдөн кайткан соң, император деп жарыяланган. Рим империя­сы экон., социалдык ж-а саясий жактан начар­лаган учурда бийликке келип, императордук бийликти күчөткөн. Империяны чыңоо үчүн бир катар реформаларды жүргүзгөн: аскерлердин саны 450 миңге жетип, чек аралык коргонуу сис­темасы түзүлгөн; акча жүгүртүүнү жөнгө салган; империядагы бөлүп-жаруучулукту күч м-н бас­кан. Д. 305-ж. бийликтен ыктыяры м-н баш тарткан.