ДИОКСИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИОКСИ́Н – чөйрөгө терс таасир этүүчү хим. уулуу зат; полихлордошкон дибензодиоксин то­буна кирет. Д. хим., целлюлоза-кагаз, метал­лургия ж. б. өнөр жай тармактарынан чыккан булгоочу зат болуп эсептелинет, о. эле ө. ж. ж-а тиричилик калдыктарын, коргошун кошул­малары бар бензинди, дизель отунун ж. б-лар­ды жакканда, токой өртүндө да пайда болот. Д. өтө туруктуу бирикме болгондуктан, топу­ракта (ажыроо мезгили 10–20 жылдай), өсүм­дүктө ж-а адам организминде (бир нече ай) топ­толот. Бүгүнкү күндө Д-дин канцерогендик ж-а мутагендик касиетке ээ экендиги аныкталууда. Айрым чет өлкөдө (АКШ, Швеция, Германия ж. б.) Д-дин адам организмине тийгизген таа­сири изилденип, төмөнкү терс кесепеттери анык­талган: балдардын аз ж-а тубаса кемтик төрө­лүшү, өсүүсүнүн ж-а акыл-эсинин начарлашы, өлүмүнүн көбөйүшү ж. б. О. эле Д-дин концент­рациясынын жогорулашы ички органдардын өзгөрүүсүнө ж-а теринин ириңдөөсүнө алып ке­лет. Мындай тери оорулары Германиядагы ж-а Уфа ш-ндагы хим. ишканалардын жумушчула­рында, о. эле Севезе ш-ндагы (Италия) авария­дан кийин шаар калкында байкалган. Д-дин өтө күчтүү таасири АКШдагы Миссури штатында катталган. Д-дер чөйрөгө көбүнчө экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө (мис., Канада атм-га жы­лына 1,5 т) бөлүнүп чыгарылат. Ошондуктан АКШ, Япония, Швеция, Италия, Германия, Голландия ж. б. мамлекеттерде 1980-жылдар­дан баштап Д. проблемасы мамл. деңгээлде ка­ралууда. Р. Осмонбекова.