ДИСАХАРИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСАХАРИДДЕР , б и о з а л а р – молекула­сында гликозиддик байланыштар м-н бириккен, 2 моносахариддин калдыгынан турган углевод­дор. Д. к-талардын ж-а ферменттердин таасири астында моносахариддерге чейин гидролизденет. Көпчүлүк Д-дин курамына гексоза ж-а пентоза кирет. Д-ди пайда кылууда моносахариддеги жарым ацеталдык гидрокис тобу гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Калы­бына келүүчү (мальтоза, лактоза, целлобиоза) ж-а калыбына келбөөчү болуп 2 топко бөлүнөт. Булардын касиети моносахариддерге окшош таутомердик форманы пайда кылат. Окистенүү­калыбына келүү реакцияларына кирет. Калы­бына келбөөчү Д. (трегалоза, сахароза) эки моно­сахариддин тең жарым ацеталдык топтору гли­козиддик байланышты пайда кылууга катышат. Окистенүү-калыбына келүү реакцияларына кир­бейт. Д. жаратылыш продуктуларынан, мис., сахароза – кызылчадан, лактоза – сүттөн ж. б. алынат. Көпчүлүк Д. полисахариддерди, олиго­сахариддерди толук эмес гидролиздөөдө пайда болот, мис., крахмалды ж-а гликогенди фер­менттик жол м-н гидролиздөөдөн мальтоза, цел­люлозадан целлобиоза ж. б. алынат. Сахароза, лактоза, мальтоза тамак-аш ө. ж-нда ж-а ме­дицинада колдонулат.

Ад.: Химия углеводов. М., 1967; Адылов С. А., Аса­нов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003.