ДИСНЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСНЕ́Й , Дисни Уолт (5. 12. 1901, Чикаго – 15. 12. 1966, Бербанк) – амер. кинорежиссёр, про­дюсер. Чикагодогу көркөм иск-во академиясы­нан окуган. 1919–22-ж. сүрөтчүлүк кесипти ар­калаган, кийин кино тармагына өткөн. 1922-ж. Голливудга келген. 1933-ж. англис жомогу­нун негизинде тартылган «Үч торопой» мульт­фильми үчүн Оскар сыйл. алган. Анын «Микки Маус», «Маугли», «Бэмби» мультфильмдери бел­гилүү. «Апакай менен жети эргежээл», «Пинок­кио» (1939), «Бэмби» (1942), «Алиса шумдук­тардын өлкөсүндө» (1951), «Уйкудагы сулуу» (1958) ж. б. 1950–60-жылдардын аяк ченинде Д. студиясы табият көрүнүштөрүн көрсөтө тур­ган документалдык фильмдердин сериясын тар­тууга өткөн: «Адамдар жана мамлекеттер», «Турмуштагы укмуштуу окуя» (айбанаттардын жашоосуна байкоо жүргүзүү). Телекөрсөтүү үчүн атайын программаларды, көптөгөн фильмдер­ди чыгарган. 1955-ж. Анахайм (Калифорния) ш-нда «Диснейленд» паркы ачылган. Анда тех. аттракциондун жардамы м-н Д. фильмдеринин


образдары көрсөтүлөт. Д. «Робин Гуд», «Казы­на катылган арал», «Суу астында сексен миң мил» деген көркөм фильмдерди тарткан. Фильм­дери үчүн 29 жолу «Оскар» сыйл. жеңип алган.

Ад.: Арнольди Э. М. Жизнь и сказки У. Диснея. Л., 1968.