ДИСПЕРСИЯЛЫК АНАЛИЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСПЕРСИЯЛЫК АНА́ЛИЗ – дисперсиялык системадагы заттардын майда бөлүкчөлөрүнүн өлчөмдөрүн, дисперстик даражасын аныктоо методдору. Д. а. седиментациялык, оптикалык ж-а электрондук микроскопия, кондуктометрия, нефелометрия, диффузиялоо ж. б. жолдор м-н жүргүзүлөт. Тоотек, топурак, курулуш мате­риалдары, куйма ж. б. заттар көп касиеттерин дисперстүүлүгүнө жараша өзгөртөт. Д. а. илим­дин ж-а өндүрүштүн түрдүү тармактарында сис­темалардын (суспензия, эмульсия, золдор, ад­сорбенттер ж. б.) дисперстүүлүгүн аныктоодо ж-а топурактын асылдуулугун көтөрүүдө, це­менттердин, түрдүү эмульсиялардын сапатын жакшыртууда, жогорку сорттогу куймаларды, синтездик материалдарды даярдоодо ж. б. тар­мактарда колдонулат.