ДИСПЕРСИЯЛЫК СИСТЕМА
ДИСПЕРСИЯЛЫК СИСТЕ́МА – бир заттын чөйрөсүндө экинчи бир заттын майда бөлүкчөлөрү тегиз таралып жүргөн эки же андан көп компоненттерден турган система. Алар дисперсиялык фазалардан ж-а дисперсиялык чөйрөдөн турат. Мис., чаңдуу аба м-н ылай сууда топурактын майда бөлүкчөлөрү – дисперсиялык фаза, ал эми аба м-н суу – дисперсиялык чөйрө. Дисперсиялык фазаны пайда кылган бөлүкчөлөрдүн өлчөмүнө жараша кесек Д. с. – (дисперсиялык фазаны түзгөн бөлүкчөлөрдүн өлчөмү 100 нмден чоң), жогорку дисперсиялык же колоиддик системалар (бөлүкчөлөрдүн өлчөмү 1 нм кичине болот) болуп бөлүнөт. Дисперсиялык фазаны түзгөн бөлүкчөлөрдүн өлчөмү а = 10–1–10–7 см же 1–100 нмге чейин өзгөрөт. Дисперсиялык чөйрөнүн агрегаттык абалы б-ча газ (аэрозолдор), суюк (золдор, суспензия, эмульсия, көбүк) ж-а катуу Д. с-га бөлүнөт. Коллоиддик системаны алыш үчүн дисперсиялык фаза дисперсиялык чөйрөдө эрибеши, дисперсиялык фазанын өлчөмү тигил же бул Д. с-га туура келүүсү, дисперсиялык фаза м-н дисперсиялык чөйрөнү бири-бирине эритүү үчүн стабилизаторлорду кошуу керек. Дисперсиялык күкүм өтө майда болсо, дисперсиялык анализ м-н аныкталат. Д. с-ны коллоиддик химия окутат. Бул системалар жаратылышта, техникада ж-а үй тиричилигинде кеңири таралган. Аларга курулуш материалдары, сырлар, тамак-аш азыктары, дары ж-а косметика заттары кирет.
Ад.: Кудайбергенов Т. Т., Асанов Ү. А. Физикалык химия. Б., 2004.