ДИССИМИЛЯЦИЯ
ДИССИМИЛЯ́ЦИЯ , к а т а б о л и з м – татаал орг. кошулмалардын (белок, нуклеин к-талары, май ж-а углеводдор) жөнөкөй заттарга чейин ажырашы. Ажыроо реакцияларында татаал кошулманын молекуласында хим. байланышкан энергия бошонуп чыгып, аденозинтрифосфаттын (АТФ) фосфаттык байланыштарынын энергиясына айланат. Д. гидролиз ж-а окистенүү реакцияларынын натыйжасында ишке ашырылат. Зат алмашууда Д-нын бир катар процесстери (дем алуу, ачуу, гликолиз) негизги мааниге ээ. Анын реакциялары кычкылтектүү чөйрөдө (аэробдук дем алуу) ж-а кычкылтексиз чөйрөдө (анаэробдук – гликолиз, ачуу) жүрөт. Кычкылтектүү чөйрөдө ажыраганда (дем алуу) орг. заттар СО2 ж-а Н2Ого чейин толук ажырайт. Ар түрдүү орг. кошулмалар ажыраганда, СО2 ж-а Н2О м-н бирге башка да молекулалар пайда болот. Азот алмашуунун акыркы продуктулары – мочевина, аммиак ж. б. Өсүмдүктөрдө
СО2нин теңи, NН3 бүт бойдон орг. Заттарды синтездөө үчүн керектелет.