ДИСТИЛЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСТИЛЛЯ́ЦИЯ (лат. distillatio – тамчылап агуу) – түрдүү курамдагы суюк аралашмаларды буулантуу жолу м-н фракцияларга бөлүү про­цесси. Д. аралашманын компоненттеринин кай­ноо темп-расынын түрдүү болушуна негизделген. Суюктукту буулантып, кайрадан конденсация­лоо аркылуу жүргүзүлөт. Буулантуунун негизин­де буу фазасы төмөнкү темп-рада кайнай тур­ган, ал эми конденсат фазасы жогорку темп­рада кайнай турган компонент м-н байыйт. Компоненттердин физ. касиеттерине жараша бир нечеге бөлүнөт. 1. Ж ө н ө к ө й Д-да суюк аралашманы кайнатканда тез кайноочу компо­ненттер бууланып, конденсацияланып, түтүк м-н чогулткучка тамчылайт. Буудан чогулган суюктук конденсант же дистиллят деп аталат. 2. Ф р а к ц и я л ы к Д. кайноо темп-расы бири бирине жакын болгон суюк аралашманы фракцияларга бөлүүдө пайдаланылат. 3. Т е ң с а л м а к т у у л у к Д-да суюктук бууланып, фазалык тең салмактуулукка чейин буу суюк­туктун үстүндө болот. Тең салмактуулук абалга жакын болгон буу м-н суюктуктун аралашма­сы сепаратордо бөлүнөт. Буу сепаратордон кон­денсаторго келип, дистиллят чогулткучка кую­лат. 4. С у у б у у с у н у н ж-а и н е р т т ү ү г а з д ы н а г ы м ы н д а г ы Д. м-н жогорку темп-рага чыдамсыз компоненттерди бөлүп, буулануу процессинин темп-расын төмөндөтүү ж-а төмөнкү темп-рада буулануучу затты жо­горку темп-рада буулануучу компоненттен ажы­ратат. 5. М о л е к у л а л ы к Д. суюк аралаш­малардын кайноо темп-расынан төмөнкү темп­радагы вакуумда эркин буулантып бөлүүгө негизделген. Ал ири молекулалуу ж-а жылуу­лукка чыдамсыз орг. заттарды бөлүү ж-а таза­лоодо, мис., эфирлерди стеарин, олеин ж. б. к-талардан тазалоо; балык ж-а өсүмдүк майла­рынан витаминди бөлүү, мед. дары-дармек ж. б. алууда колдонулат.

Ад.: Касаткин А. Г. Основные процессы и аппараты химической технологии /8-e изд. М., 1971; Багату­ров С. А. Теория и расчёт перегонки и ректификации. М., 1961.