ДИФРАКЦИЯ
ДИФРА́КЦИЯ (лат. diffractus – сынган),
1) т о л к у н д у н Д-сы – толкундун тоскоолду айланып өтүү кубулушу. Д. бардык толкундарда (үн, электр-магнит ж. б.) байкалат. Ал үчүн тоскоолдун өлчөмү тоскоолго урунган таралчу толкундун узундугу м-н чамалаш болууга тийиш. Д. кубулушунда толкун тоскоолдун көлөкө жагына карай ийилип өтүү м-н таралат.
Үй далдасындагы адамдын үнү же башка добуштун угулушу да үн толкунунун Д-сы м-н тү-
шүндүрүлөт, о. эле жер бетинин айланасындагы радиотолкундун Д-сы алыс жайгашкан антеннанын узун ж-а орто радио толкундагы сигналдарын кабыл алууга мүмкүндүк берет.
2) Р е н т г е н н у р у н у н Д-сы – заттын рентген нурунун толкун узундугун өзгөртпөй чачыратышы. Табигый дифракция торчосу болгон кристалл аркылуу рентген нуру өткөндө, Д. пайда болот. Анткени торчодогу атомдор аралыгы рентген нурунун толкун узундугуна чамалаш. Толкундун Д-сы микробөлүкчөнүн табиятын изилдөөдө зор мааниге ээ. Д. спектр приборлорунда пайдаланылат.