ДИФРАКЦИЯ ТОРЧОСУ
ДИФРА́КЦИЯ ТОРЧОСУ – иреттүү жайгашкан, жарык өткөрбөгөн аралык м-н бөлүнгөн көп сандаган өтө кууш жылчыктан турган оптикалык прибор. Мындагы дифракциялык сүрөттөлүш бардык жылчыктардан келген когеренттүү толкундардын өз ара интерференциясынын натыйжасы болот. Ар бир жылчыктын жазылыгы a, алардын арасындагы аралык b болсо, анда d=a+b чоңдугу Д. т-нун м е з г и л и деп аталат. Жалпак монохроматтуу толкун Д. т-нун тегиздигине тик келип түшсүн дейли. Жылчыктар бири-биринен бирдей аралыкта жайланышкандыктан, эки коңшу жылчыктан келген нурлардын өткөн жолунун айырмасы Д. т-нда берилген ϕ багыты б-ча бирдей:
∆=CF=(a+b)sinϕ=dsinϕ.
Эгер коңшу эки жылчыктын B чекитине нурлар бирдей фазада келишсе, алар бирин-бири күчөтүп, максимумду беришет.
dsinϕ=kλ (1)
Эгер нурлар B чекитине карама-каршы фазада келишсе, бирин-бири жоюшат. Анда минимум шарты төмөнкүдөй туюнтулат:
dsinϕ=(2k+1) λ2
(2)
Максимум (1) ж-а минимум (2) формулалары м-н Э экранында түзүлгөн дифракциялык минимум ж-а максимум абалдарын таба алабыз. Ар бир жылчык өзүнүн минимумун түзгөндүктөн, торчодогу жылчыктардын санына жараша кошумча минимум пайда болот. Кошумча минимумдардын саны жылчыктардын N санынан бирге кем: N –1. Алар экинчи иреттеги максимумдарды (саны N – 2) бөлүп турушат. Эгерде ар бир жылчыктан келген жарыктын амплитудасы А болсо, анда бардык жылчыктардан келген амплитудалардын суммасы A=NA (N эсеге чоң) болот. Ал эми Д. т. аркылуу өткөн жарыктын толук ургаалдуулугу же I=N2 I болуп, бир жылчыктан өткөн жарык ургаалдуулугунан N2 эсе чоңоёт. Максимум (1) ж-а минимум (2) шарттары толкун узундугуна көз каранды болгондуктан, Д. т-на ак жарык түшсө, ак жарыкты түзгөн ар бир толкун өзүнүн максимумун берет. Борб. максимум ак түстө болот, негизги максимумдар толкун узундугуна жараша спектрге ажырашып, алардын кызгылт көк нурунуку борбор жакка, ал эми кызыл нурдуку чет жагына жайгашат. Спектрдин ар кандай жеринде колдонулган Д. т. өзүнүн өлчөмү, формасы, жасалган материалы, штрихинин профили ж-а алардын жыштыгы м-н айырмаланат. Д. т-нун штрихтеринин жыштыгы спектрдин ультракызгылткөк облусунда 3600–1200 штрих/мм, жарыктын көрүнгөн облусунда 1200–600 штрих/мм, инфракызыл облусунда 300–1 штрих/ммди түзөт. Д. т. затты спектрдик жол м-н анализдөөдө, толкун узундугун өлчөөдө кеңири колдонулат.