ДИФФУЗИОНИЗМ
ДИФФУЗИОНИ́ЗМ – этнография ж-а археологиядагы 19-к. аягы – 20-к-дын башында калыптанган багыт; ал айрым элдердин мад-тынын өнүгүшүн өз алдынча эволюция эмес (к. Эволюциялык мектеп), башка элдердин жер которуудагы маданий таасири ж-а алардын жетишкендиктерин өздөштүрүү, маданий байланыштардын бир элден экинчи элге оошусу деп түшүндүрөт. Этнологияда Д. деп мад-ттын соода, көчүү, согуштук жеңип алуу аркылуу таралуусун түшүнүшкөн. Ил. багыт катары Д. мад-ттагы өз ара алакаларды, байланыштарды, башка элдерден алып өздөштүрүүнү ж. б. элдерге таралууну тарыхый процесстин эң башкы мазмуну катары карайт. Эволюционисттердин окшош шарттарда окшош мад-ттар өз алдынча пайда болуп өнүгөт деген идеясына Д. мад-т элементтери уникалдуу түрдө бир аймакта пайда болуп, кийин башка аймактарга тарайт деген идеяны каршы коёт да, мыкты маданий ойлоп табуулар алгач бир геогр. чөйрөдө пайда болот ж-а бүт дүйнөгө стихиялык түрдө таралат деп карайт. Бул көз караштан алганда адам мад-тты жаратуучу эмес, ээлөөчү гана болуп калат. Мад-ттын таралуусунда жеңип алуу, колониялаштыруу, жер которуу, ыктыярдуу тууроо, соода ж. б. чоң мааниге ээ болот. Д-дин кыйла ырааттуу эмгектенген өкүлү Ф. Гребнер болгон. Ал «маданий чөйрөлөр» теориясын түзгөн ж-а бардыгы алты «маданий чөйрөнү» бөлүп көрсөткөн. Д. теориясында бир канча агымдар ж-а мектептер: тарыхый-геогр. багыт (Э. Норденшельд), маданий-тарыхый мектеп (Ф. Гребнер, В. Шмидт), антропогеогр. мектеп (Л. Фробениус), маданий ареалдар теориясы (Э. Сепир, М. Херсковиц) болгон.