ДМИТРИЕВКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДМИ́ТРИЕВКА – Чүй обл-нун Ысык-Aта р-нун­дагы кыштак. Жээк айыл өкмөтүнө караштуу. Ысык-Aта суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 735 м бийиктикте. Бишкек – Каракол автомо­биль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кант ш-нан 5 км чы­гыш тарапта. Кыштак 1882-ж. орношкон. Кал­кы 2593 (2006); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто ж-а жатак мек­теп, клуб, ФАП, дарыкана бар. Үй-бүлөлүк врач­тар тобу, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү иштейт.