ДОЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДО́ЗА и о н д о ш т у р у у ч у н у р л а р д а – иондоштуруучу нурдун заттын масса бирдигине сиңген энергиясы. Жутулган энергия затты жылытып, анын физ. ж-а хим. касиеттерин өзгөртөт. Д. нурлануунун түрүнө (рентген нур­лануу, нейтрондордун агымы ж. б.), бөлүкчө­лөрдүн энергиясына, алардын агымынын тыгыз­дыгына ж-а нурду сиңирүүчү заттын курамына жараша болот. Нур канчалык көп убакыт бе­рилсе, Д. ошончолук көбөйөт. Д-нын убакыт бирдигинде сиңирилгени Д. кубаттуулугу деп аталат. Ж у т у л г а н Д. бирдиктер систе­масында – грей (Гр), 1 Гр = 1 Дж/кг м-н өлчө­нөт, о. эле системадан тышкары бирдик рад (1 рад =10–2 Гр) да колдонулат. Э к с п о з и­ц и я л ы к Д. – рентген ж-а γ-нурлануунун таасиринен абанын иондошуу өлчөмү. Ал пай­да болгон заряддын саны м-н өлчөнүп, бирдик­тер системасында кулон/кг (Кл/кг), системадан


тышкары рентген м-н белгиленет. 1 см3 абада 2,08 . 109 жуп иондуу (0°С ж-а 760 мм сым. мам.) пайда кылуучу иондоштуруучу нурлардын Д-сы рентген деп аталат. Э к в и в а л е н т т и к Д. сиңирилген Д-нын өлчөмү м-н сапат коэфф­инин көбөйтүндүсүнө барабар. Ал бэр м-н өлчөнөт. Иондоштуруучу нурлардын тирүү орга­низмге таасир этүүчү Д-сы үстүрт, терең, диаг­ноздоочу, дарылоочу, стерилдөөчү, өлтүрүүчү ж. б. болуп бөлүнөт. Адамдын өмүрүнүн кооп­суздугу үчүн эквиваленттик Д-нын өлчөмү жы­лына 5 бэрден ашпоого тийиш.