ДОКУМЕНТ КИНО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОКУМЕ́НТ КИ́НО – кино өнөрүнүн бир түрү; турмуштук чыныгы фактылар м-н окуяларды камтыган кыска, толук метраждуу фильмдер­ден ж-а киножурналдардан турат. Д. к-ну түзүүдө актёрлор катышпайт, жасалга колдонул­байт. Жалпы эле кинематография Д. к-дон баш­талган. Эң алгачкы Д. к-ну 1895-ж. Францияда ага-ини Люмьерлер тартышкан. 1917-ж. март­та Москва, Петроградда Жумушчу ж-а солдат депутаттарынын советинде түзүлгөн кинемато­графия бөлүмү рев-янын жүрүшүнөн көрүнүш­төрдү тарткан. Улуу Октябрь соц. рев-ясынан кийин кинохрониканы Москвадагы ж-а Петро­граддагы кинокомитеттер (1918-ж. түзүлгөн) чыгарган. Реж. Г. М. Болтянский, Д. Вертов, В. Р. Гардин, Л. В. Кулешовдун жетекчилиги м-н операторлор Г. В. Гибер, С. П. Забозлаев, П. В. Ермолов, А. Г. Лемберг Коминтерндин 3– 4-конгресстериндеги Лениндин сөзүн, Советтер­дин съезддерин, Гражд. согуштагы Кызыл Ар­миянын операцияларын, биринчи электр стан­циясынын иштешин тартышкан. 1920-жылдар­да Д. к-нун өнүгүшү Д. Вертовдун чыг-лык из­денүүсүнө байланыштуу. «Лениндик кино чын­дык» (1925), «Алгала, Совет!» (1926), «Он би­ринчи» (1928) фильмдеринде рев-ядан кийинки өзгөрүштөр баяндалган. 1920–30-жылдары до­кументалисттер беш жылдыктар ж-дөгү «Моск­ва» (реж. М. А. Кауфман, И. П. Копалин), «Түрксиб» (В. А. Турин), «Ленин жөнүндө үч ыр» (реж. Д. Вертов), «Испания» (реж. Э. И. Шуб) ж. б. фильмдерди тартышкан. Улуу Ата Мекен­дик согуш мезгилинде «Москва алдында немис аскерлеринин кыйрашы» (реж. Л. В. Варламов, И. П. Копалин), «Сталинград» (реж. Л. В. Вар­ламов) ж. б. тартылган. Эл чарбасын калыбына келтирүү жылдарында «Донбасс» (реж. М. Л. Би­линский), «Жеңген өлкөнүн күнү» (реж. И. П. Ко­палин, И. Ф. Сеткина) сыяктуу эң сонун кино­санжыра түзүлдү. Жылына 300дөн ашуун фильм ж-а 1300 киножурнал чыгаруу м-н, сов. Д. к. дүйнөгө таанылган, көп документ фильмдер эл аралык кинофестивалдарда чоң байгелерге ээ болгон. Кырг-н ж-дө алгачкы Д. к-ну киносая­катчы В. А. Шнейдеров тарткан (1928; «Туңгуюк алдында», 1928; «4500 метр бийиктикте», 1931). 1942-ж. Фрунзе кинохроника студиясы түзүл­гөндөн кийин «Советтик Кыргызстан» деген туң­гуч киножурнал тартылып (1943), Улуу Ата Ме­кендик согуштун акырына чейин анын 100дөн ашуун саны чыгарылган («Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында», 1944; «Жогор­ку сыйлык», 1944; «Жеңиш күнү», 1946 ж. б.). 1950-жылдары, кыргыз Д. к-сунун калыптануу кезинде, «Ырдын жаралышы» (И. Көкеев), «Алар Тянь-Шанда төрөлгөн», «Мен жана менин кур-

«Зууракан» фильминен көрүнүш. Реж. Б. Абдылдаев, 1984.

даштарым» (Л. Турусбекова) сыяктуу кино­тасмалар жаралган. 1960-жылдары Москва, Ле­нинграддан бүтүп келишкен улуттук кадрлар Кырг-нда Д. к. тартууну жандандырган. «Завод­догу жолугушуулар» (1963), «Күнгө баккандар» (1963), «Тоолорго үч жооп» (1963, реж. Ю. Герш­тейн, А. Видугирис, И. Моргачёв), «Алай кар­ларында» (1964), «Михаил Фрунзе жөнүндө аң­гемелер» (1963, реж. И. Көкеев), «Манасчы» (1965, реж. Б. Шамшиев; Оберхаузендеги эл ара­лык кинофестивалда Алтын медалга арзыган),


«Жылкылар» (1965, реж. Т. Океев), «Чабан» (1966, реж. Б. Шамшиев, Бүткүл союздук 3-ки­нофестивалда биринчи сыйл., 1968), «Кумдагы сепилдер» (1967, реж. А. Видугирис, Я. Бронш­тейн; Краковдо «Алтын ажыдаар» ж-а эл ара­лык 4-сыйл.), «Кыял» (1967, реж. Ш. Апылов, Эл аралык ж-а Бүткүл союздук 4-сыйл. алган), «Дүйшөндүн көпүрөсү» (1971, реж. Г. Дегальцев; Краковдо «Алтын ажыдаар» сыйл., 1973), «На­рын күндөлүгү» (1971, реж. А. Видугирис; Гре­ноблде Гран при, Бүткүл союздук 5-кинофести­валда 1-сыйл.), «Почта» (1972, реж. Б. Абдыл­даев; Лейпцигде «Күмүш көгүчкөн» сыйл., 1972; Бүткүл союздук кинофестивалда 1-сыйл., 1973) ж. б. көп документ фильмдер тартылган. 1980– 90-жылдарда кыргыз документалистикасында бир аз басаңдоо байкалат. Ошентсе да, режис­сёрлор мурдатан келе жаткан салтты улантуу­га аракеттеништи. Бул мезгилде «Кошой таш» (реж. Л. Турусбекова, 1981), Кыргыз Совет Эн­циклопедиясы тууралуу «Накыл китеп» (реж. К. Акматалиев, 1984), «Зууракан» (реж. Б. Аб­дылдаев, 1984). «Айлампа» (реж. В. Виленский, К. Орозалиев, 1988), «Ошондо «Манас, Манас» деп ураан чакырып» (реж. Н. Борбиев, 1994), «Жүрөктөгү сулуулук» (реж. Р. Шершенова, 1996), окумуштуу, физик Самат Кадыров туура­луу «Космостогу орундук» (Э. Абдыжапаров, 1998), «Жараткан менен атаандаш» (М. Жыр­галбаев, 2006), «Салбуурун – ата-бабанын аңчы­лыгы» (С. Койчуманов, Н. Болотов, 2007) ж. б. документ фильмдер жаралды.

Ад.: Современный документальный фильм. М., 1970; Ашимов К. Рождение киргизского кино. Ф., 1969; его же. Экран Киргизии рассказывает. М., 1970.