ГҮЛ ӨСТҮРҮҮЧҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГҮЛ ӨСТҮРҮҮЧҮЛҮК – дыйканчылыктын бир тармагы; парк, гүл бакча, гүлзар ж-а бөлмө кооздоодо, о. эле гүлдестеге керектелүүчү ар кандай гүл түрлөрүн өстүрүү. Гүл өстүрүүдө урук ж-а калемче алуу үчүн атайын ишканалар – питомник ж. б. уюштурулат. Бир, эки ж-а көп жылдык гүлдөр өстүрүлөт. Бир жылдык гүлдөргө бир эле вегетация мезгилинде (урук себилген жылы) өнүп-өсүп, гүлдөп, урук берүүчү гүлдөр кирет. Алар: астра, георгина, агератум, логерия, теретрум, чырмоок гүл ж. б. Булардын көпчүлүгү уругунан көбөйтүлүп, ачык аянтка кеч күздө айдалат. Эки жылдык гүлдөр экинчи жылы гүлдөп урук берет. Алар: виола, коӊгуроо гүл, маргарита, чеге гүл, гүлкайыр ж. б. Көп жылдык гүлдөр жыл сайын күзүндө куурап, жазында өнүп чыгып, гүлдөй берет. Алар: пион, примула, дельфиниум, чекилдек, нарцисс, жоогазын, люпин, флокс ж. б. Көп жылдык гүлдөр эрте жаздан кеч күзгө чейин гүлдөйт, күзгү суук түшөрдө жерге көмүлөт. Вегетация мезгили узак гүлдөр көчүрүлөт (мис., сальвия, Шабо чеге гүлү, бегония ж. б.), ал эми вегетация мезгили кыска гүлдөр уругунан өстүрүлөт (мис., көк баш, иберис, космея ж. б.). Г. ө-тү өнүктүрүүдө ил.-из. мекемелери, ботан. бактар зор роль ойнойт. КР УИАнын Ботан. багында ж-а Бишкек, Ош ж. б. шаарлардын жашылдандыруу мекемелеринде жылыга млндогон гүл көчөттөрүн өстүрүшөт. Гүлдүн негизги зыянкечтери: желелеме кене, трипс, чөп бити, нематода ж. б. Негизги илдеттери: жалган чаӊгыл кебер, фузариоз, дат ж. б.