ДОЛУХАНОВА
ДОЛУХА́НОВА Зара (Заруи Агасьевна; 15.3. 1918-ж. т., Москва) – сов. ырчы (меццо-сопрано), Армян ССР (1955), СССР (1990) эл арт. 1957-ж. Гнесиндер атн. муз.-пед. ин-тту бүтүргөн. Чыг-лыгын 1939-ж.

Ерев андагы Спенди аров атн. опера ж-а балет театрында баштаган. Кийин концерттик ырчы катары таанылган. 1944-жылдан Бүткүл союздук радиоуктуруу ж-а телекөрсөтүүнүн, 1959– 82-ж. Москва филармониясынын солисти. 1983-жылдан Гнесиндер атн. Россия
муз. академиясынын профессору. Д.– вокал өнөрүнүн ири өкүлү. Ал айрыкча И. С. Бах, Г. Ф. Гендель, Ж. Верди, С. В. Рахманиновдун чыгармаларын чебер аткарган. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө гастролдо болгон. СССР мамл. сыйл. (1951), Лениндик сыйл. (1966) лауреаты.