ДОМЕН «ДАРАКТАРЫ»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМЕ́Н «ДАРАКТАРЫ» (Domain trees) – 1) DNS домен аталыштарын индекстөөдө колдонулуу­чу даражалык система. Ал багыты, түзүлүшү б-ча дисктик эсти уюштурууда файлдык систе­маларда колдонулган каталогдор «дарагына» окшош болот. Мис., дискте сакталган көп файл каталогдор аркылуу логикалык топко биригет. Эгер Д. «д-нын» бир нече бутагы болсо, ар бир бутакты аталыш мейкиндигиндеги домен ата­лыштары логикалык топко бириктирип турат; 2) Active Directory ичинде аталыштар мейкин­дигин иретке келтирип, эки жактуу ишенимдүү катыштагы бир же бир нече домендин даража­лык түзүлүшү. Домендин бир нече «дарагы» бир «токойго» таандык болот.