ДОМЕНДЕР
ДОМЕНДЕР – электрмагнит же серпилгич касиеттери же бөлүкчөлөрдүн жайланыш тартиби м-н айырмалануучу хим. жактан бир тектүү чөйрөлөр. Алар бир нече түргө бөлүнөт. 1) Ф е рр о м а г н и т т ү ү Д. – ферромагнит кристаллындагы (туурасынан кесилиш өлчөмү 10–5– –10–2 см) атомдук магнит моменттери жарыш багытталган, б. а. Д-де өзүнөн өзү магниттешүү жүргөн бөлүгү. Ал Кюри темп-расынан төмөн болгондо пайда болот. 2) С е г н е т-э л е к т рд ү ү Д. – сегне-электриктерде өзүнөн өзү полярлануучу бөлүгү (10–5–10–3 см). Сырткы электр талаасы жок учурда сегнет-электриктердин
полярланышы анын негизги өзгөчөлүгү. 3) Г а н нд ы к Д. – күчтүү электр талаасынын бөлүгү. Ал белгилүү шартта гана терс дифференциялык каршылыктуу жарым өткөргүчтө пайда болот.