ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ
ДОМИНИ́КА РЕСПУБЛИКАСЫ – Вест-Индиядагы мамлекет, Гаити а-нын чыгыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деңизи чулгап жатат. Чыгышынан Пуэрто-

Рикодон Мона кысыгы бөлүп, батышынан Гаити Респ-касы м-н чектешет. Аянты 48,4 миң км2. Калкы 8,6 млн (2005). Борбору – Санто- Доминго ш. (калкы 2,6 млн. Д. Р. 26 провинцияга ж-а улут округуна бөлүнөт.
Мамлекеттик түзүлүшү
. Д. – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. (2004-жылдан Л. Фернандес). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Улуттук конгресс (Депутаттар палатасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: Рефор-
мисттик социал-христиан партиясы, Доминика рев-ялык партиясы, Доминика боштондук партиясы, Көз каранды эмес рев-ялык партия.
Табияты
. Гаити а. тоолуу; тоолору терең өрөөндөр ж-а туюк ойдуңдар м-н бөлүнгөн. Эң бийик Кордильера-Сентраль (Сибао) тоолорунун орт. бийикт. 2400–2750 м; анын борб. бөлүгүндө өлкөнүн эң бийик жери – Дуарте тоосу жайгашкан, бийикт. 3175 м. Бул тоолордун түн. ураган маалына дал келет; жылдык орт. өлчөмү 1000–1500 мм, тоолордун айдарым түш.-батыш капталдарында 2000 ммден ашык. Мындагы нымдуу тропик токою (кызыл ж-а кампеш типтеги дарактар) өйдөлөгөн сайын ийне жалбырактуу токойго өтөт. Кургакчылараак түш. капталдарында аралаш токой өсүмдүктөрү кездешет. Табигый өсүмдүктөр өлкөнүн кыйла бөлүгүндө жок болуп кеткен; мурдагы жерг. өсүмдүктөрдүн калдыгы дарыя жээктериндеги саванна ж-а жыш токой түрүндө сакталган. Түштүгүндө тикендүү бадалдар ж-а зор кактустар өсөт.
Калкынын
75%ке жакыны мулаттар, 10% негрлер, 15% европалыктар. Акча бирдиги – песо. Мамл. тили – испан тили. Дини – католицизм. Шаар калкы 40% (1970). Ири шаарлары: Санто-Доминго (калкы 2,6 млн), Сантьяго (5 миңдей), Сан-Франсиско-де-Макорис

тарабында калк жыш отурукташкан, жери күрдүү, Сибао өрөөнү 240 кмге созулуп жатат. Жээк бөлүктөрүн да кууш түздүктөр ээлейт. Гаити а-нын чыгыш бөлүгүндө акиташ тегинен түзүлгөн зор плато жайгашкан, ал Кариб деңизин карай жантайыңкы. Мында өлкөнүн эң зор түздүгү ж-а борбор шаары – Санто-Доминго жайгашкан. Түштүгүндөгү Кюльде-Сак ойдуңу жакынкы эле геол. мезгилде деңиз булуңу болгон; анын бир бөлүгү деңиз деңг. төмөн жайгашкан, андагы туздуу Энрикильо көлүнүн бети деңиз деңг. 44 м төмөн жатат. Климаты тропиктик, пассаттык, кышы кургакчыл, жайы нымдуу. Айлык орт. темп-расы (1000 м бийиктикте) 24– 29°С. Жаан-чачыны көбүнчө жайдын аягында,


(1,8 миң), Сан-Педро-де-Макорис (2,2 миң), Бараона, Ла-Романа (1,7 миң) ж. б. ББУ, ЭВФ, Америка өлкөлөрү уюму, Бүткүл дүйнөлүк банк ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Тарыхы
. Гаити а-н байыркы мезгилдерден индей уруулары жердеп, алар аралды Гаити деп аташкан. Гаити а. Х. Колумб тарабынан 1492-ж. ачылып, Эспаньола («Кичи Испания») деп атаган. 15-к-дын аягында аралдын чыгыш бөлүгү (азыркы Д. Р-нын аймагы) Испаниянын колониясына айландырылган. Испан колониячылары жерг. уруулардын көпчүлүгүн кырып жок кылган. 1496-ж. испандыктар аралда Санто-Доминго-де-Гусман ш-н курушкан. 1697-ж. аралдын батыш бөлүгү Францияга берилген, ал эми чыгыш бөлүгү Испаниянын бийлиги астында калган. 1795-ж. арал толугу м-н Франциянын көзөмөлүнө өтүп, 1808-ж. кайрадан испандыктарга кайтарылган. 1810–26-ж. Америкадагы испан колонияларынын көз каранды эместиги үчүн согуштун натыйжасында, 1821-ж. Санто-Доминго көз каранды эместигин жарыялайт, бирок 1822-ж. ал Гаити респ-нын курамына киргизилет. Боштондук үчүн күрөштүн натыйжасында, 1844-ж. Д. Р-нын көз каранды эместиги жарыяланып, конституция кабыл алынган. Генерал
Педро Сантана президент болуп шайланган. 1861-ж. Д. Р-н кайрадан Испания басып алган. 1865-ж. гана өлкө испан эзүүсүнөн толук кутулган. 1916–24-ж. Д. Р. АКШ тарабынан оккупацияланган. 1930-ж. АКШнын колдоосу м-н Р. Л. Трухильонун диктатордук режими орнотулган. 1961-ж. Трухильо өлтүрүлгөндөн кийин, 60-жылдардын ортосунда өлкөдө диктатураны колдоочулар м-н демокр. күчтөрдүн ортосунда узакка созулган күрөш жүргөн. 1965-ж. АКШ куралдуу интервенция жасоого аракеттенген. 1966-ж. Реформисттик социал-христиан партиясы бийликке келген. 1994-ж. шайлоодо Леонель Фернандес президент болуп шайланган. Ал өлкөдө демокр. реформаларды баштаган.

-ж. экинчи мөөнөткө шайланган. 1998-ж. майда Улуттук конгресске шайлоолордо Д. рев-ялык партиясы жеңишке жетишкен.
Экономикасы
. ИДП 1996-ж. 12,4 млрд долларды түзгөн, киши башына бөлүштүргөндө 1600 доллардан айланат. ИДПнин 13%ин а. ч., 24%ин
ө. ж-ы берет; андагы инвестициянын үлүшү 20%; анын 3/ үн ички топтомдон, калганы чет элдик кредиттен каржыланат. Өлкөнүн экономикасында а. ч-нын үлүшү төмөндөп (1960-ж. а. чнда калктын 60% иштесе, 1994-ж. 32%ке чейин азайган), ал эми казып алуу ө. ж. м-н туризм өнүгүүдө. Дыйкандардын көбүнүн 2 гектарга чейин гана жери бар. Айдоо жердин жарымына жакыны мамлекетке таандык, ал эми бал
камыштын ири плантацияларына жерг. байлар ж-а АКШнын «Галф энд уэстерн корпорейшен» компаниялары ээлик кылат. Башкы а. ч.
өсүмдүгү – бал камыш; о. эле маанилүү экспорттук өсүмдүктөргө – кофе ж-а шоколад дарактары, жер жемиш ж-а тамеки кирет. Ички керектөө үчүн шалы, буурчак, маниок ж-а банан өстүрүлөт. Уй, чочко ж. б. үй жаныбарлары асыралат. Жээк сууларынан чакан кемелер м-н балык кармашат. Токойду кыюуга тыюу салынган.
Д. Р-нын аймагында бокситтин, никелдин (чет
өлкөлүк компаниялардын карамагында), алтындын, күмүштүн чамалуу запасы бар. О. эле жез, кайнатма туз кендери казылып алынат.


Доминика Республикасынын акчасы.
Тоо-кен ө. ж. экспорттук кирешенин маанилүү булагы болуп саналат. 1981-ж. Бараон ш-на жакын нефть кени ачылган. Өлкөнүн бүт электр станцияларынын кубаттуулугу 2454,4 миң кВт; анын 14%ин ГЭС, 62%ин нефть м-н иштеген ЖЭС өндүрөт.
Иштеп чыгаруу ө. ж-нын 2/ си а. ч. сырьёсун иштетет. Кийим, цемент, картон ички рыноктун муктаждагын камсыз кылат. Спорт товарларын да чыгарат. Телекоммуникация системасы, туризм ж-а курулуш ыкчам өнүгүүдө. Өлкөдө 7 эркин ө. ж.-экон. зонасы түзүлүп, анда кийимкече, электр товарлары, бут кийим даярдалат. Ички жүктөрдүн дээрлик бардыгы автомобиль жолу м-н ташылат, анын уз. 12,3 миң км. Жалпы уз. 12 км т. ж-до негизинен кант ташылат. Эл аралык 2 аэропорту бар (Пуэрто-Плато, Санто-Доминго ш-нда) бар; Санто-Доминго – өлкөнүн негизги деңиз порту. Өкмөттүн көзөмөлүндөгү 150 радиостанция ж-а телестанция иштейт.
Өлкөнүн сырткы соодасынын жалпы көлөмү
ИДПнин 50%тейин түзөт. Экспорту негизинен минералдык сырьёлорду ж-а а. ч. продукцияларын камтыйт. Кант экспорттук кирешенин 20%ин, калгандарын алтын, күмүш, никель, боксит, кофе, какао, фурфурол (эритме), тамеки, жеңил ж-а электр-тех. ө. ж. продукциялары түзөт. Негизги импорту – нефть (Венесуэла ж-а Мексикадан алат), о. эле азык-түлүк, хим. продуктулар, автомобиль, электр-техникасы. Негизги соода шериги – АКШ, ага импорттун 1/ , экспорттун 2/ си туура келет.
Маданияты
. Д.Р-нда 1951-ж. балдардын милдеттүү окуусу ж-дө мыйзам кабыл алынганына карабастан, калктын 32% сабатсыз. Балдар 7– 14 жашка чейин мектепте окушат. Өлкөдөгү ири ун-т Санто-Домингодо семинариянын базасында 1538-ж. ачылган. Мадре-и-Маэстро католик ун-ти Сантьяго ш-нда 1962-ж. негизделген. Учурда Д.Р-нда 8 ун-т бар, аларда 90 миңге жакын студенттер билим алышат. Ири китепканалары ж-а музейлери: Санто-Доминго ун-тинин китепканасы (1538), Улуттук китепкана, Улуттук музей (1927), Санто-Доминго улуттук асем өнөр музейи (1943).
Ад-ты негизинен испан тилинде өнүгүүдө. Ага
Ф. М. Монте (1819–99) негиз салган. Д. Р-нын ад-тынын өз алдынчалыгын аныктоо максатында жазуучулар жерг. эл (индейлер) ж-дөгү эскерүүлөргө кайрылышкан. М. де Гальван (1834– 1911) испандардын Вест-Индияны каратуудагы тарыхынан алып, «Энрикильо» романын жазган. 20-к-дын баш ченинде ад-тагы модернизм О. Базиль (1884–1946), А. Лугонун чыгармаларынан көрүнөт. АКШ аскерлеринин Д. Р-н оккупациялашы (1916–24) ад-та каршылык көрсөтүү мотивдерин күчөтөт. А. Ф. Рекенанын (1908–
52) «Жер душманы» (1936), «Алоолонгон сапар»
(1941), «Бейит белгиси жок көрүстөн» (1949), Р. Марреро Аристинин «Ашыкча пайда» (1939) романдарында ошол мезгилдеги татаал жагдайлар чагылдырылган. Доминика жазуучуларынын ичинен Энрикес Уреньялар да кеңири белгилүү. Саломе Уренья де Энрикес (1850–
97) аялдардын пед. курсун, аялдар үчүн алгачкы жогорку билим берүү борборун уюштурган. Анын уулдары Педро Энрикес Уренья (1884– 1946), Макс Энрикес Уренья (1885–1968) мад-т тарыхына арналган чыгармаларды жаратышкан.
16-к-га чейин өлкөдө индейлердин иск-восу
өнүгүп келген. 15-к-дын аягы–16-к-дын башында испандар соңку готика ж-а кайра жаралуу доорунун стилинде Санто-Доминго ж. б. шаарларды курушту. 20-к-дан имараттар ж-а айрым райондор АКШ арх-расынын үлгүсүндө курула баштаган. Д. Сура, Х. Кольсон, Х. Энандес Ортега ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында европ. ж-а амер. модернисттик агымдардын таасири бар. Улуттук реалисттик образдар С. Воси-Хиль, А. Бонилья, Х. О. Морель ж. б. живописчилердин чыгармаларында түзүлгөн.
Ад.: Кремер Т. И. Доминиканская Республика. М., 1980; История Латынской Америки. М., 1979; т. 2, М., 1982.