ДОНОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДО́НОР (лат. dono – белек кылам) – өз каалоо­су м-н оорулуу кишиге канын куюу, тканын (мис., тери) же органын (мис., бөйрөк) көчүрүү үчүн берүүчү адам. Ден соолугу таза, жашы 18ден жогору адамдар Д. боло алат. Кан берүүнүн Д-дун ден соолугу үчүн зыяны жок. Д. болуу – ардактуу милдет. Ал оорулуунун ден соолугун ж-а өмүрүн сактоого жардам берет. Д-дон кан алуу ж-а аларды консервалоо кан куюу станция­ларында жүргүзүлөт. Алар р-ндук ооруканалар­ды ж. б. дарылоо мекемелерин кан м-н камсыз кылат. Д. кан берерде мед. текшерүүдөн өткө­рүлөт. 1-жолу кан бергенде 200–250 мл, кайта­лап бергенде 450 млге чейин кан алынат. Кайта­лап кан берүүгө 2 айдан кийин гана уруксат бе­рилет. Д-дун каны канды консервалоочу заттар салынган атайын идишке алынып, анын сыр­тына кандын тобу, Д-дун аты-жөнү жазылат.