ДОҢУЗ КОРГОШУН КЕНИ
ДОҢУЗ КОРГОШУН КЕНИ Нарын обл-нун Жумгал р-нунда, Ак-Улак кыш-нын түш.-чыгышында, Молдо-Тоонун түн. жак бетинде. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон доломит ж-а доломиттешкен акиташтеги түзөт. Бул тектер бүктөлүүгө дуушарланып, антиклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Анын түш. канаты жылышуулар тибиндеги жаракалар м-н тилмеленген. Кенташ тилкеси брекчияланган жаракаларда топтолуп, тарам, линза, уя түрүндө жатат. Уз. 500 м, калыңдыгы 0,5–2 м. Кендин түн.- батыш жагы элювий-делювий чөгүндүсү м-н жабылып калган. Чыгыш тарабы кууштап, жок болот. Негизги минералы: галенит, сфалерит, пирит, халькопирит ж. б. Кенташ тилкесинин үстүнкү бөлүгү кычкылданууга дуушарланган.