ДОҢУЗ-КУДУК ДОЛОМИТ КЕНИ
ДОҢУЗ-КУДУК ДОЛОМИ́Т КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нунда. Балыкчы ш-нан 35 км түш.-чыгышта, Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы Чоломо тоосунун бир тармагында, Доңуз-Кудук өрөөнүндө жайгашкан. 1971-ж. табылган. Кен аймагын палеозойго чейинки ж-а палеозойдогу терриген чөкмө тоотектери түзөт. Доломит катмар түрүндө бир нече кмге созулуп жатат. Калыңдыгы 40–120 м. Доломиттин 2 түрү кездешет. Биринчиси – серпентиндешкен, саргыч түстө. Блоктуулугу 0,2Ч0,2Ч0,2 м. Анча катуу эмес, оңой кесилет. Жакшы сайкалданат. Экинчиси кызгылт күрөң түстө. Арасында тарамча ж-а бүртүк түрүндөгү кварц кезигет. Сайкалданышы орт., бирок оңой кесилет. Блоктуулугу 0,3Ч0,3Ч0,3 м. Запасы мол. Кооз буюмдарды жасоого, дубалдарды каптоого колдонсо болот.