ДОО
ДОО – жарандык процессте сотко кайрылуунун формасы. Кылмыш ишин кароодо да келтирилген зыянды төлөтүү үчүн Д. м-н кайрылуу мүмкүн. Д. – бузулган же талашка түшүп жаткан өзүнө таандык укукту коргоочу ж-а мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыкты калыбына келтирүүчү укуктук каражат. Д. жарандык иш б-ча сот өндүрүшүн козгоо үчүн негиз болуп, материалдык жагынан алганда, доогердин жоопкерге болгон доосунун негизин түзүүчү материалдык-укуктук талабы болуп эсептелет.