ДОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:59, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОО – жарандык процессте сотко кайрылуунун формасы. Кылмыш ишин кароодо да келтирил­ген зыянды төлөтүү үчүн Д. м-н кайрылуу мүм­күн. Д. – бузулган же талашка түшүп жаткан өзүнө таандык укукту коргоочу ж-а мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыкты калы­бына келтирүүчү укуктук каражат. Д. жаран­дык иш б-ча сот өндүрүшүн козгоо үчүн негиз болуп, материалдык жагынан алганда, доогер­дин жоопкерге болгон доосунун негизин түзүүчү материалдык-укуктук талабы болуп эсептелет.