ДООГЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДООГЕР – жарандык процессте өзүнүн бузулган же талашка түшүп жаткан жеке укугун ж-а мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн сот­ко же бейтарап сотко кайрылган жаран же юрид. жак. Бул процессте доо арызы б-ча кы­зыкчылыгы коргоого алынган тарап Д. болуп эсептелет. Д-дин мыйзамга ылайык укуктары бар. Алар – иштин материалдары м-н тааны­шуу, далилдерди келтирүү, процесстин каты­шуучуларына суроо берүү өтүнүчү м-н кайрылуу, соттун чечимине даттануу укуктары ж. б.