ДООЛДАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДООЛДАЙ – жука кийизден таар же калың кез­деме тышталып тигилген сырт кийим. Д-ды көбүнчө эркектер кийишкен. Элдик оозеки чы­гармаларда Д. кыргыздын эң байыркы кийим­деринин бири катары сүрөттөлөт. Ал кементай сыяктуу этеги кең, көкүрөк жагы улам кууш тартып, жеңдери м-н өңүрлөрү, учасы сулп-сулп бычылган. Жакасы жөнөкөй кыюуланып, эки өңүрү бир гана жеринен бүчүлөнгөн. Д. бара-бара кементай, ичик, чепкен, чапан м-н алмашылып, 20-к-дын 1920–30-жылдарынан тарта өтө сей­рек учурайт.