ДООЛДАЙ
ДООЛДАЙ – жука кийизден таар же калың кездеме тышталып тигилген сырт кийим. Д-ды көбүнчө эркектер кийишкен. Элдик оозеки чыгармаларда Д. кыргыздын эң байыркы кийимдеринин бири катары сүрөттөлөт. Ал кементай сыяктуу этеги кең, көкүрөк жагы улам кууш тартып, жеңдери м-н өңүрлөрү, учасы сулп-сулп бычылган. Жакасы жөнөкөй кыюуланып, эки өңүрү бир гана жеринен бүчүлөнгөн. Д. бара-бара кементай, ичик, чепкен, чапан м-н алмашылып, 20-к-дын 1920–30-жылдарынан тарта өтө сейрек учурайт.